Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда чөп кымбат сатылып жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунда бир таңгак чөп 130 сомдон 150 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, чөптүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады.

«Азыр чөптүн экинчи чабыгы жыйналууда. Чөптүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу өтө кымбат. Быйыл жаан-чачын көп болуп, чөптүн жакшы чыкпай калышына себеп болду. Чөп облустун бардык райондорунда ушундай баа менен сатылып жатыптыр», - деп билдиришти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×