Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарында жаштардын көйгөйлөрү талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында бүгүн, 7-сентябрда «Жаш тилек - 2017» форуму өткөрүлүп, анда жаштардын көйгөйлөрү талкууланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган форумга облустун беш районунан келген жаш лидерлер, ишкерлер, өлкө башчылыгына талапкерлердин аймактагы өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Форумдун жыйынтыгында мамлекетти өнүктүрүүнүн маанилүү максаттарын аныктоодо жаштардын кызыкчылыктарын президенттикке талапкерлердин эсине салуу үчүн резолюция кабыл алынды.

Облустагы форум Улуттук демократиялык институтунун колдоосу менен Нарын облустук жаштар ордосунда уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 962
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×