Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Жумгалдыктар түнкүсүн каттаган кичи автобустарды токтотууну талап кылууда

Turmush -  Жумгал районунун тургундары жана жүргүнчү ташыган таксист айдоочулар түнкүсүн каттаган кичи автобустарды токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочу Данияр Жакыпбеков билдирди.

Анын айтымында, кичи автобустар түн ичинде жүрүүгө тыюу салынганына карабай Миң-Куш, Кабак айылдарынан кечки саат 19:00дө чыгышат. Миң-Куш, Кабактан чыккан кичи автобус Чаек айылына келип, түнкү көп орундуу автобустун алдына түшүп, андан жүргүнчү талашып чыр жаралып жатат.

«Кичи автобуска тыюу салынганына карабай, аларга жогору жактан уруксат беришкен. Муну тез арада токтотуу керек»,- деди Д.Жакыпбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1635
Көп окулду
×