Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо Чернобыль апаатынын катышуучуларына эстелик орнотулду

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы сейил бакка Чернобыль апаатынын катышуучуларына эстелик орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун акими Нурлан Керимкулов билдирди.

Маалым болгондой, аталган эстеликти орнотууга жалпы 50 миң сом акча каражат жумшалган. Бул каражатты чогултууга Чернобыль апаатына катышкандар, демөөрчүлөр жардам беришсе, райондун акимчилиги 10 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөткөн.

Аталган апаатка Кочкор районунан 38 адам барып, анын ичинен 32 адам кайтып келген. Учурда алардын ичинен 14 катышуучу гана бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×