Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Семиз-Белдеги мектептин жаңы имараты ушул аптада пайдаланууга берилет

Turmush -  Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагындагы курулуп жаткан мектеп ушул аптада пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облустук билим берүү борборунан Сейтек Кошалиев билдирди.

Маалым болгондой, Кайып Темиров атындагы орто мектеп 2 имараттан турат. Анын имараты эскирип, авариялык абалга жеткендиктен жаңы мектеп куруу көйгөйү келип чыккан. 150 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу жаңы мектептин курулушу 2015-жылы башталган болчу. Учурда курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл алууга даяр болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1465
Көп окулду
×