Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарын облусундагы жолдорго секиртмелер коюлду

Turmush -  Нарын облусунда окуу жылынын башталышы менен окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жолдорго бир нече секиртмелер коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин алдындагы Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 4-сентябрда Миң-Булак айылына караштуу Өрнөк айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 330-чакырымына 3 секиртме жол тейлөө мекемеси тарабынан коюлду. Буга чейин жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кочкор районуна, Нарын шаарына, Оттук, Кочкор жана Кеңеш айылдарына ушундай эле секиртмелер орнотулган.

Ошондой эле, Нарын — Баетов — Казарман унаа жолуна, Хутор, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, Куланак жана Учкун айылдарына дагы коюу тууралуу сунуштар жергиликтүү бийликке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу