Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Мамлекеттик гимндин автору Ш.Кулуев 40 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнады (фото)

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн 75 жаштагы тургуну Шабданбек Кулуев мамлекеттик гимндин текстин Ж.Садыков менен биргелешип жазган. Ал 40 жыл мугалим болуп эмгектенип, 13 китептин автору болду. Аймактык кабарчы нарындык Шабданбек ата менен таанышты.

WhatsApp Image 2017-09-04 at 21.30.42

«Мен 1942-жылы 1-январда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөм. 1959-жылы Суусамыр орто мектебин бүтүп, мурунку Кыргыз мамлекеттик университетинин механика жана математика факультетинде окугам. Мугалимдик кесипке ээ болгондон кийин бир топ мектептерде иштеп, окуу бөлүмүнүн башчысы жана мектеп мүдүрү болуп эмгектенип келдим. Мектепке 21 жашымда мугалим болуп кирсем, туура 62 жашымда ардактуу эс алууга чыгып, мектептен сый-урмат менен кеттим», - деди ал.

Шабданбек ата 3-классынан баштап ыр жазып келет.

«Менин макалаларым "Кыргызстан пионери" гезитине чыкса, 1967-жылдан баштап ырларым, аӊгемелерим республикалык басма сөз каражаттарына жарыялана баштаган. Ошентип отуруп 13 китептин автору болдум. Өзүӊөр билгендей, 1992-жылы мамлекеттик гимндин текстин Ж.Садыков менен биргелешип жазгам. Ал гимнге быйыл 25 жыл болду. Жакында эле, Ормонов Шаршен менен бирге авторлошуп жазган "Жаӊгарач бий" китебим жарыкка чыкты», - деди ал.

Шабданбек Кулуев Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, маданиятка эмгеги сиӊген ишмер жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

WhatsApp Image 2017-09-04 at 21.30.55

«Быйыл 75 жашка толдум. Жети балам бар. Байбичем А.Багышова дагы мектепте мугалим болуп эмгектенген», - деди ал.

Суусамыр

Айланаң тоого курчалып,
Аймагың жаркып нур чалып.
Тартуулап бизге берген жер,
Табият кооздоп, түр салып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1199
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×