Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Нарын

Ат-Башыда сибирь жарасына шектүү мал союлуп, Казыбек айылына карантин жарыяланды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында сибирь жарасына шектүү мал союлуп, 3 адам облустук ооруканага жаткырылды. Ошондой эле, Казыбек айылына карантин жарыяланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында сибирь жарасы менен ооруган малды жергиликтүү 3 тургун союп, этин сатып жиберишкен. Анын кесепетинен бул тургундар Нарын облустук ооруканага жаткырылып, Казыбек айылына карантин жарыяланган.

Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын билдиргенине караганда, учурда Казыбек айылындагы мал союлган аймактын айланасы тосулуп, сибирь жарасына каршы эмдөө жүрүүдө. Бул аймакка атайын кызматкерлер бөлүнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2363
Көп окулду
×