Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Видео - Кыргыз-кытай чек арасында жолдон чыккан унааны куткарган экскаватор өзү оодарылып кетти

Turmush -  Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жолдон чыгып кеткен жүк ташуучу унааны чыгарып жаткан экскаватор оодарылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, окуя 31-августта болжол менен саат 15:00-16:00 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын борбордук зонасында болгон. Кошумча чоң чиркегичи бар жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, чиркегичине кептелип калган. Анын кошумча чиркегичин жолдон өтүп бара жаткан жүк ташуучу унаа сүйрөп, бирок тартып чыгара албай койгон. Мындан улам ошол тушта иштеп жаткан экскаваторду жардамга чакырышкан. Жүк ташуучу унааны чыгарарда экскаватордун жер чапчыгычы илинип калып оодарылып кеткен.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, экскаватор оодарылып бара жатканда анын айдоочусу сыртка секирип түшүп аман калган. Аталган окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 974
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×