Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Чет-Нура айылынын жаштары тоонун чокусуна мамлекеттик тууну орнотушту (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылынын Кемпир-Учту чокусуна бийиктиги 12 метр болгон мамлекеттик туу орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Азамат Нарынбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик туу айылдын жаштары тарабынан Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата орнотулган. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери жана башкалар катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 557
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×