Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Фото - Нарын шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 1-сентябрда Курман айт намазы окулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Курман айт намазы Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта окулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана дин өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Өз кезегинде облустун казысы Мамбетасан Ибраев Курман айт майрамы, курмандык чалуудагы эрежелер боюнча маалымат берди.

«Мына бүгүн Курман айт майрамынын намазын окуп жатабыз. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, көңүл оорусуна чалдыкпай жашайлы, бири-бирибизди урматтайлы, сыйлайлы», - деди облус казысы М.Ибраев.

Курман айт намазына болжол менен 8 миңдей адам катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2265
Көп окулду
×