Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдагы спорттук мелдештерге милициялар да катышып, күч сынашты (видео, фото)

Turmush -  Жумгалда Эгемендүүлүк күнгө карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун бир нече түрүнөн мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт комитетинин райондогу инструктору Рахат Абышов билдирди.

Анын айтымында, мелдештин катышуучулары спорттун кыргыз күрөш, кол күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, футбол жана волейбол боюнча күч сынашты. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар.

Кол күрөш боюнча мелдешке жалпы 16 спортчу катышып, 1-орунду Эсенбек уулу Шатман, 2-орунду Болот Эсенбеков, 3-орунду Бактияр Өмүрзаков алды.

Кыргыз күрөш мелдешине жалпы 20га чукул балбан катышып, анда 80 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орунду Чаек айылынан Өбөк Ниязов, 2-орунду Сталбек уулу Мирлан, 3-орунду Элдияр Дүйшөнбеков алды. Ал эми, 65 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орунду Түгөл-Сай айылынан К.Мидин уулу, 2-орунду ушул эле айылдан Э.Токтогулов, 3-орунду С.Жолдошалиев жеңип алды. Ошондой эле, 80 кг салмактан жогоркулар арасында 1-орунду Эсенбек уулу Шатман, 2- орунду Өмүр Өмүрзаков, 3-орунду Дөөлөтбек Сабырбеков ээледи.

Таяк тартыш мелдешинде 75 кг салмактан жогоркулар арасында 1-орунду Чаек айылынан Бактияр Өмүрзаков, 2-орунду Кызарт айылынан Эсенбек уулу Азим, 3-орунду Байзак айылынан Өзгөрүш Андыбаев багындырды. 75 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орунду Э.Дүйшөнбеков, 2-орунду Куйручук айылынан Бактияр Эсенбеков, 3-орунду Бештерек айылынан К.Орунбек уулу жеңип алышты.

Аркан тартышта 1-орунду «Жаштар» командасы, 2-орунду «Чаек ардагерлер» командасы, 3-орунду Түгөл-Сай менен Куйручук айылынан түзүлгөн «Бүркүт» командасы ээлешти.

Учурда кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештер өтүп жатат.

Жалпы спорттук мелдештерге райондук администрациясынан 25 миң сом каражат бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу