Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Нарын шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында Кыргыз Республикасынын көз карансыздыгынын 26 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, майрамдык салтанатты Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ачып, шаар тургундарын жана меймандарды мамлекеттик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн экономикасы өнүгүп-өсүп, жарандары көбөйүп, жаркын келечектүү мамлекетке айланарын билдирди. Андан кийин, куттуктоо сөздөрүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Жанбоев айтып, теңир-тоолуктарды майрамы менен кызуу куттуктап өтүштү.

Жетекчилердин куттуктоосунан кийин маданият кызматкерлеринин, студенттердин, мектеп окуучулардын катышуусу менен даярдалган театрлаштырылган оюн-зоок программа көрсөтүлүп, чоң программадагы концерт тартууланды. Ошол эле учурда шаардын борбордук стадионунда спорттун чоюн көтөрүү, волейбол, футбол, аркан тартыш, ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараны уюштуруп, өткөрүү үчүн 65 миң сом акча каражаты жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 762
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу