Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарында эгемендүүлүккө карата өткөн футбол таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды ( видео, фото)

Turmush -  Нарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган чөлкөмдөр арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Борбордук Азия университетинин менеджери К.Сырдыбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 8 команда РТС, Ак-Коргон, Алма-Бак, Борбор, Төш-Булак, Ардагер, Москва чөлкөмдөрүнүн жана БАУнун курама командалары катышты. Бир жумага созулган мелдеште командалар бири-бири менен кызыктуу мелдеш өткөрүп, өздөрүнүн мыкты даярдыкта экендигин көрсөтүштү.

Аталган мелдеш БАУнун демөөрчүлүгү менен 6 жолу өткөрүлүп жатат. Кичи футболдун жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Алма-Бак чөлкөмүнүн командасы кубок жана дипломго ээ болушту. Ал эми, 2-орунду Ак-Коргон командасы, 3-орунду Борбор чөлкөмүнүн командасы ээлешип, тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, Ак-Коргон командасынын оюнчусу Рысбек Шамуратов «Мыкты коргоочу», Борбор командасынын оюнчусу Уран Турсунбеков «Мыкты жарым коргоочу», Алма-Бак командасынын оюнчусу Жолдошбек Жайлообеков «Мыкты оюнчу», РТС командасынын оюнчусу Абиров Ринат, Борбор командасынын оюнчусу Надырбек уулу Калыбек «Мыкты бомбардир» наамдарына ээ болушуп, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул сыйлыктарды облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жана БАУнун жетекчилиги тапшырып, командалардын жеңиши менен кызуу куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу