Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-Башы ГЭСи кышка карата даярдыктан өттү

Turmush -  Нарын районуна караштуу Достук айылындагы Ат-Башы ГЭСи кышка толугу менен даяр болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган ГЭСтин башкы инженери Урмат Шейшенбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы ГЭСи кыш мезгилине карата толук даярдыктан өтүп, электр энергиясынан маселе жаралбайт.

«Ат-Башы ГЭСи 2018-жылдын күз айларынан баштап толук реконструкциялоого алынганы турат. Быйылкы кыш мезгилине карата утурумдук капиталдык оңдоолор жүрүп жатат. Алардын бири 110 кВ өчүргүчтү алмаштырып жатабыз. Буюрса кыш мезгилинде элетр жарыгы боюнча маселелер жаралбайт», - деди У.Шейшенбек уулу.

Ат-Башы ГЭСинин курулушу 1964-жылы башталып, 1970-жылы ишке киргизилген. ГЭС Ат-Башы суусунун Нарын дарыясына куйган жерине чукул курулган, тосмосунун бийиктиги 79 метр, узундугу 50 метр, жазылыгы 15 метр. Бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген станцияларынын бири болуп эсептелнип, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаарын электр жарыгы менен жалпысынан Нарын облусунун 30 пайызын камсыз кылат.
Кубаттуулугу 40 мегаватты түзөт. Суу сактагычынын узундугу 7 км, көлөмү 7600 миң метр куб, долбоордогусу 9 миң метр куб болуп салынып, 9 млн куб сууну сактайт. Өндүрүш процесси автоматташтырылган. 4 генератору толук кубаты менен иштегенде 1 секундда 17,5 мерт суу чыгымдалат.

1996-жылы ГЭС 140 млн 014 миң кВт/саат энергия иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө орточо эсеп менен жылына 150 млн кВт электр энергиясын иштеп чыгууда. Түндүк электр системасына кошулган. Эл чарбасын энергия менен камсыз кылат. Достук шаарчасына жылуулук да берет. Учурда ГЭСте 95 киши иштеп, анын 70 кызматкери Достук айылынын тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу