Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Нарын

Нарында мекемелер арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын шаарында эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата мекеме-ишканалар арасында өткөрүлгөн спорттук мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, спорттук мелдешке эркектерден түзүлгөн 10 курама команда жана аялдардан түзүлгөн 6 курама команда катышып, алар спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.

Эркектер арасында өткөн мелдештин жыйынтыгында, Нарын облустук улуттук коопсуздук комитетинин командасы 1-орунду, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн командасы 2-орунду алса, 3-орунду Нарын медициналык колледжинин командасы ээледи. Ал эми аялдар арасында өткөн мелдештин жыйынтыгында, 1-орун Нарын медициналык колледжинин командасына, 2-орун Нарын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасына, 3-орун «Кадыр ата» базарынын командасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 979
Көп окулду
×