Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарында волейбол боюнча мелдеш башталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы «Намыс» ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата мекеме-ишканалар арасында волейбол оюну боюнча эки күнгө созулган мелдеш башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мелдештин башкы калысы Асылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлерден түзүлгөн 17 курама командалар катышууда.

«Эркектер жана аялдардан түзүлгөн командалар эки тайпага бөлүнүп, андан жеңгендер орундар үчүн финалдык оюнда күч сынашат. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1355
Көп окулду
×