Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башы ГЭСи толук оңдоп-түзөөдөн өтөт (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Достук айылындагы Ат-Башы ГЭСи 2018-жылы толук реконструкциялоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ГЭСтин башка инженери Урмат Шейшенбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы ГЭСи Нарын облусун 30% электр жарыгы менен камсыз кылып келет. ГЭС иштеп баштагандан бери толук реконструкциялоодон өткөн эмес.

«Ат-Башы ГЭСи 1970-жылы ишке берилгенден баштап өз кызматын толук аткарып келүүдө. Буюрса, 2018-жылы ГЭСти толук реконструкциялоо үчүн Швейцария өкмөтүнөн 20 млн франк грант катары бөлүнүп берилгени турат. "Электр станциялары" ишканасы өздүк салым катары 4 млн франк бөлөт. Реконструкциялоо иштери 2018-жылдын октябрь айында башталып, 2020-жылдын декабрь айында толук бүткөрүлмөкчү», - деди Урмат Шейшенбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×