Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: 49 жаштагы мугалим Ч.Абылова коомду патриоттуулукка үндөгөн ырларды жазат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Орук-Там айылынын 49 жаштагы келини Чынара Абылова 28 жылдан бери мектепте иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ч.Абылованын айтымында, окуу жайды аяктары менен мектепте эмгектенип баштаган.

«1967-жылы Нарын районунун Ийри-Суу айылында жарык дүйнөгө келдим. 1983-жылы ошол эле айылдагы мектепти аяктап, 1989-жылы Кыз-келиндер педагогикалык институттун педагогика факультетин аяктагам. Окуу жайды бүткөндөн кийин Орук-Там айылынын тургуну Доктурбек Алымбаевге турмушка чыгып, ошол эле айылда Абышка Алсейитов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп 22 жыл эмгектендим. 2011-жылдан тарта Бишкек шаарындагы №40 орто мектепте башталгыч класстарга билим берип келем. Мектепте иштегениме 28 жылдын жүзү болду. Мен балдарды окутуудан эч чарчабайм, тескерисинче аларга билим берип, "силер чоңойгондо Кыргызстанды өнүктүргөн ыймандуу адам болгула" деп жакшы сөз менен тарбиялоодон рахат алам», - деди ал.

Мугалим Ч.Абылова 4-классынан тарта ыр жазып, бир топ гезиттерге да жарыялап турган.

«Мен мектепте окуп жүргөн кезде эле ыр жазып баштагам. Биринчи 4-классымда "Нарын дайра" аттуу ырымды жазып сынакка катыштым. 1987-1988-жылдары "Студенттик жаз" аттуу сынакка катышып, грамота жана сыйлыктарды алдым. Андан сырткары "Кыргызстан пионери", "Мугалимдер", "Ленинчил жаш" гезиттерине макала жазып, ырларымды дагы жарыяладым», - деди ал.

Анын жолдошу Д.Алымбаев бардык музыкалык аспаптарды эркин ойноп, обон чыгарчу, пародиялык чыгармаларды ырдаганды жактырчу. Алардын бир кызы атасынын жолун жолдоп, ырдап келет.

«Жолдошум Доктурбек экөөбүз 1989-жылы баш кошуп, 1 уул, 4 кыздуу болдук. Доктурбек музыкалык билими жок болсо дагы аспаптардын бардыгын эркин ойной алчу. Обондорду чыгарып, пародиялык чыгармаларды ырдаганды аябай жакшы көрчү. Тойлордун, жакшылыктардын көркүн аччу. Ал 2015-жылы ооруп көз жумду. Учурда балдарым, кыздарым баары жакшы ырдашат. Үчүнчү кызым Бурулсун Алымбаева атасынын жолун улантып, Кыргыз улуттук консерваториясын аяктады», - деди ал.

Чынара жеңе адамды ыймандуулукка, адептүүлүккө, патриоттуулукка тарбиялоочу ырларга басым жасап, учурда дептер бетине түшүргөн ырлары 100гө жетти. Ырларын көбүнчө социалдык баракчасына жүктөп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу