Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Айдоочу Ч.Калыгулов дөңгөлөк желимдөө жайын ачып, айылдаштарына кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылынын 51 жаштагы тургуну Чынарбек Калыгулов 3 жылдан бери айылда дөңгөлөк желимдөөчү чакан ишкана иштетип, элге кызмат кылат. Жеке ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишкердин айтымында, бул ишти баштаганга чейин 10 жыл айылдан Нарын шаарына жүргүнчүлөрдү ташып иштеген.

«Мындан 3 жыл мурун айылыбыздын четинде жолдун жээгинде жайгашкан желимдөө жайын ижарага алып иштеп баштагам. Башында жаңы ачылганда бир аз акча таап, үй-бүлөнү багып жүрдүм. Кийинчерээк кардарлар көбөйүп, жетиштүү каражат таап баштадым. 1995-жылдан 2005-жылга чейин айылдан Нарын шаарына жүргүнчү ташып иштедим. Кесибим айдоочу. Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылындагы Алтынбек Ибраев кесиптик лицейинде трактор жана жеңил унаа айдоо боюнча окууну аяктап, андан соң Ат-Башыдагы №30 кесиптик лицейде окудум. Окууну аяктап дыйканчылык менен алек болуп, бала-чакамды багып жүрдүм. Акыры өзүмө жаккан ишимди баштап, ошону менен алекмин», - деди ал.

Ишкердин айтымында, үй-бүлөнү багуу үчүн чоң жумуштарда иштөөнүн кажети жок, болгону бардык жумушту ылгабай, сүйүп иштөө керек.

«Учурда жаштардын көбү акча табуу үчүн чоң кызматтарга иштөөнү эңсешет. Бирок бул туура эмес. Азыркы күндө намысты жыйып, колуңдан келген иш менен алектенүү керек. Үй-бүлөнү багуу үчүн чоң жумуштарда иштөөнүн кажети жок, болгону бардык жумушту ылгабай, сүйүп иштөө абзел», - деди ишкер Ч.Калыгулов.

Ал айына 6 миң сом таза киреше табат. Анын учурда 2 уул, 3 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×