Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык кол өнөрчү Г.Мамбеталиева эмгектерин дүйнөнүн төрт бурчуна сатып жатат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 72 жаштагы тургуну Гүлай Мамбеталиева небере-чөбөрөлөрүнө сеп даярдап, шырдак, көлдөлөң, жер төшөк, жаздыкча, олпок жасап жатат. Ошондой эле, ал жасаган эмгектерин чет өлкөлөргө да сатып киреше табууда. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебер апанын айтымында, 1988-жылы Таластан 90 баш боз үйдү кооздоп жасап, Манастын 1000 жылдыгына катышып, «Манас» медалы менен сыйланган. Мындан тышкары, 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатында да медаль алып келген.

«Апам кыйын уз-чебер болгон. Бала кезимде ага жардам берип жүрүп өнөрүн үйрөндүм. Ошондон бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга дагы катышып турам. 1988-жылы Таластан 90 баш боз үйдү кооздоп жасап, Манастын 1000 жылдыгына катышып, “Манас” медалын, кийин 2000-жылы Ош шаарына барып, "Ош — 3000” медалын, 2002-жылы “Талас таңшыйт” дипломун алып, ошондой эле көптөгөн баалуу белектер менен сыйлангам. Учурда жасаган эмгектеримди Германия, Африка өлкөлөрүнө сатып 5000 сомдон жогору киреше табам жана небере-чөбөрөлөрүмө сеп камын көрүүдөмүн», - деди ал.

Ардагер мугалим 18 жыл мектепте башталгыч класстын мугалими, айылдык кеңеште депутат болуп эмгектенген.

«1967-жылы Пржевальск педагогикалык институтун аяктап, ошол эле жылы Баш-Кайыңды, Кызыл-Аскер, Ак-Муз айылдарында мугалим болуп эмгектендим. 1975-жылы айылдык кеңеште депутат болуп, 1986-жылы партиялык уюмду жетектегем. Ошондой эле, 1985-жылы “Эмгек баатыры”, 1994-жылы “Эл агартуунун отличниги”, 2001-жылы “Ат-Башы районунун атуулу”, КРдин “Ардактуу айымы”, 2005-жылы “Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу” наамдары менен сыйландым», - деди ал.

Г.Мамбеталиеванын жолдошу М.Айтиев 2004-жылы көз жумган. 4 кыз, 3 уулдун энеси болгон мугалим 2015-жылы «Баатыр эне» наамын алган. Учурда анын 14 небере, 4 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×