Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык М.Назарматов 5 миң долларлык айкелдерди жасайт (фото)

Turmush -  Нарындык 29 жаштагы Медербек Назарматов 5 миң долларлык айкелдерди жасайт. Аймактык кабарчы айкелчи менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ак-Талаа районунун Куртка айылында туулган. Кесиби боюнча скульптор.

«2010-жылы автордук эмгегимди жасагам. Ал — Муса Баетовдун Ак-Талаа районуна орнотулган бийиктиги 2 метр айкели болчу. Аны жасап бүтүүгө 3 ай убакыт кетти. Андан кийинки эмгегим Тайлак баатырдын эстелиги болду. Баатыр колуна кылыч кармап, элин коргоп, жоого төшүн тосуп турганы чагылдырылган айкелдин бийиктиги 5 метр. Баатырдын айкели бүтөр замат 2015-жылы Акмөөрдүн бийиктиги 3 метр болгон айкелин жасоого кириштим. Мындан тышкары, бийиктиги 5 метр болгон Мамаке жана Шопок баатырлардын айкелдери жасалды. Эки баатырдын айкелдерин жасоого баштан аяк 1 жыл убакыт кетти.

Мен алгач айкелдин макетин жасап алам. Жасаган айкелдерди көлөмүнө жараша 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин баалайм», - деди ал.

Медербек Назарматов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×