Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык Самаранын кебез менен тарткан сүрөттөрү 2,5 миң сомдон жогору бааланат (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 20 жаштагы тургуну Болотбек кызы Самара буйрутма алып, кебез менен сүрөт тартат. Ошондой эле, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Көп кырдуу талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Ага сүрөтчүлүк өнөр таятасынан калган.

«Чоң таятам Исмайыл жыгач уста болгон жана сүрөттү абдан жакшы тартчу. Анын бул өнөрү мага өтсө керек. Кичинекей кезимден бери сүрөт тартканга кызыгып, мультфильмдеги каармандарды, жаратылышты азыркы күнгө чейин тартып келем. Көп учурда боёк менен иштеп, кебез менен сүрөт тартып, буйрутмаларды алам. Анын баасы 2500 сомдон жогору.

2016-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дизайнер жагын аяктап, кебез менен сүрөт тартканды ошол жактан үйрөндүм. Мындан сырткары, көргөзмө куралдарды жасап жана кийимдерди тигем. Алдыда музей жана кийим тигүүчү цех ачайын деген оюм бар», - деди ал.

Самара үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1105
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×