Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык дизайнер Э.Султангазиева ырчы-чоорчулардын сахна кийимдерин тигет (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургундары жаш дизайнер, уз-чебер Эльвира Султангазиеванын эмгектери менен сыймыктанышат. Э.Султангазиева менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1980-жылы Баетов айылында туулган. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Ата-энеси Кайыпбек Султангазиев менен Медерина Казыбаева экөө тең сүрөтчү. Эльвира учурдагы мектеп формасынын автору жана кыргыз шоу-бизнес тармагындагы белгилүү инсандардын сахна кийимдерин тигет.

«Мага талант ата-энем, бир туугандарым тараптан келген деп ойлойм. Себеби ата-тегим, тайларым бардыгы уста болчу. Алар жыгач уста, темир уста, зергерчилик менен алектенишкен. Ал эми, кыздары уз-чеберлер. 2006-жылдан бери өзүмдүн чакан ишканам менен иштеп келе жатам. Бала үйдөн ата-эненин эмне кылганын көрсө, ошого жакын болуп калат дегенге ишенем. Бир туугандарымдын бири сүрөтчү, бири архитектор, бири уз-чебер, мен дизайнерлик менен алектенем. Бизди ушул даражага алып келген ата-энеме ыраазымын. Алардын аркасы менен өзүбүз сүйгөн кесиптерге ээ болгонубуз үчүн сыймыктанам.

Атамдын өнөрүн өтө баалайм. Өзү сүрөтчү, ошону менен катар кийим тигип, зер буюмдарды жасап, устачылык менен да алектенчү. Тилекке каршы ал 48 жашында көзү өтүп кетти. Апабыз азыркы учурда Бишкектеги Жал кичи районундагы мектептердин биринде окуучуларга сүрөт сабагын окутат», - деди Э.Султангазиева.

Эльвира айым 1987-жылы Ак-Талаанын Баетов айылындагы Ломоносов атындагы орто мектебине барып, аны 1997-жылы бүтүргөн. Ушул эле жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине өтүп, аны 2002-жылы аяктаган. Ошол жылдан тарта дизайнерлик кесиби менен алек.

Эмгек жолун 2002-жылы №37 лицейде устат болуп баштап, 2 айдан кийин бир моделдик агенттикте дизайнер болуп 2 жыл иштеген. Андан бери жеке дизайнер катары кыргыздын улуттук кийимдерин, заманбап стилдеги саркеч кийимдерди тигип келет. Белгилүү дизайнер З.Молдошеванын ProFashion долбоорун жеңүүчүсү болуп, анын арты менен Францияга чейин барып келген.

«Этно стилге басым жасайм. Учурдун заманына жараша кыргыз улуттук кийимдерине жаңылык киргизгим келет. Азыр Кыргызстандагы белгилүү маданият кызматкерлеринин, ырчы-чоорчулардын кийип жүргөн сахна кийимдерин тигип келем. Бардыгын буйрутма менен тигебиз. Шоу-бизнеске аралашкан адамдар менен иштешүү мага жагат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу