Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Элдик уламыш: Баткендеги Бөжөй айылынын аталышы курттардын көптүгүнөн улам коюлган (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Бөжөй айылынын аталышы бөйлөрдүн (чагып алуучу курт) көптүгүнөн улам коюлган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Айыл башчы Садыкжан Акматовдун айтымында, айыл ичинде бөйлөрдөн улам азыркыга чейин жапа чеккендер бар.

«Айылдын Бөжөй деп аталып калышынын 2 варианты бар. Биринчиси бөйлөрдөн улам болсо, экинчиси боюнча Боржай тоосунан улам аталып калган. Боржайдын куму ак түстө. Ал жерден ак борлорду алууга болот. Боржай деп атап жүрүп, кийин Бөжөй болуп бурмаланып калган дешет. Боржайдын кумдарын үйдүн шыбактарына колдонуп келебиз.

Ал эми, бөйлөр тоолордо гана учурагандыктан аларды жок кылууга такыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок жылына тургундар арасында 2-3 адамды бөй чагып, ооруканага жатып чыгышат», - деди айыл башчы.

Өзбекстандын Сох району менен чектешкен Бөжөйдө 700гө жакын адам жашап, негизинен мал чарба менен алектенишет. Айылда 40 гектар айдоо жер, 1ФАП, 1 мектеп, көз карандысыз электр энергиясы, көз карандысыз жолу бар. Айылдын жери тар болуп, 20 жылдан бери турак жай үчүн жер берилбегендиктен тургундар башка райондорго көчүп кетүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1787
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу