Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы унаа кырсыктан 2 адам көз жумду, 4 киши ооруканада

Turmush -  Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 4 жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Turmush басылмасына булактар билдиргендей, оор жаракат алган 2 адам Кочкор райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Учурда жабырлануучулардын экөө жандандыруу бөлүмүндө, экөө хирургия бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Каза болгон жарандар:

- 1974-жылы туулган И.Айнура, Сокулук районунун тургуну;

- 1974-жылы туулган М.Медер, Сокулук районунун тургуну;

Жабыркагандар:

- 1998-жылы туулган Б.Бактияр, Нарын шаарынын тургуну;

- 1969-жылы туулган Ж.Нурила, Ат-Башыдагы Ак-Муз айылынын тургуну;

- 1987-жылы туулган К.Жаныш, Бишкек шаарынын тургуну;

- 1967-жылы туулган А.Гүлжан, Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1211
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу