Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык А.Макелеев уйларды асыл тукумдар менен уруктандырууда (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 43 жаштагы ветеринары Алтынбек Макелеев жердештеринин уйларын жасалма жол менен уруктандырат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1998-жылы асыл тукум малды көбөйтүү максатында «Келечек» ветеринардык сервисин ачкан. 2016-жылы Индонезияга барып, ветеринардык билимин тереңдетип келген. Учурда жердештеринин уйларын абердин ангус, лимузин, симментал жана голштин породасындагы букалардын уруктугу менен уруктандырып жатат. Буга чейин 80 баш уйду жасалма уруктандырып, учурда алардын ичинен 64 баш уй тууду.

«Асыл тукум уйларды багуу аракеттерин көрүп жатабыз. Бирок эл жакшы билбей жаткандыктан көп адамдар бир аз каражаттан качып, уруктандырбай жатышат. Мисалга алсак эт багытындагы асыл тукум 3 жылдык 1 тонна салмакты басат. Сүт багытындагылар 45 литрге чейин сүт берет. Муну эч ким түшүнбөй жатпайбы.

Өткөндө бир жердешимдин ушундай породадагы 2 айлык торпогун 50 миң сомго сурашты, бербей койду. Ал торпок чоңойсо, абдан чоң каражат болот», - деди А.Макелеев.

Ветеринар Жаңы-Талап айылынын ичинде 1 уйду 1000 сомго, башка айылдарда 1500 сомго уруктандырып берет.

«Уруктандыра турган уйду башка букаларга жолотпоо зарыл. Уруктандырган соң анын атайын дары-дармектери болот, аны сөзсүз түрдө берип туруу керек. Эгер уйду уруктандыргандан кийин 18 күнгө чейин кайра күүгө келсе, анда кайрадан бекер уруктандырып берем. Эгер бул учурга чейин уй тынч болсо анда токтоп калган десек болот», - деди ал.

Ветеринар 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1754
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×