Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарында көмүр ишканалардын иши текшерилди (фото)

Turmush -  Күз-кыш мезгилине даярдыктарды жүргүзүүнүн алкагында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Турук» көмүр кесиминдеги көмүр ишканалары жүргүзүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, облус башчы тиешелүү жетекчилер менен бирге көмүр ишканаларынын жумушчулары менен жеринде жолугуп, казуу иштеринин жүрүшү жана көмүр менен камсыздоо мөөнөтү тууралуу пикир алышты. Ал ишканаларга иштөө темпин тездетип, келишимдерге ылайык убагында көмүр менен камсыздай албаса, мыйзам чегинде геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине сунуш берилерин эскертти.

«Облустун Жумгал районунда жайгашкан Кабак, Кара-Кече көмүр бассейнинен тышкары Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кесиминен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаарына көмүр ташылат. Турук көмүр кесиминен 2015-жылы 21 миң тонна көмүр казылса, 2016-жылда ишканалар милдеттерин так аткарбаганы үчүн 8 миң тонна казылып, жазында тартыштык жаралган», - деди облус башчы.

Нарында бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча облустук штаб иштеп жатат. Бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу боюнча 42 айыл өкмөттө тендер өткөрүлгөн. Калган айыл өкмөттөрдө август айынын 2-декадасына чейин тендерлерди бүткөрүп, бюджеттик мекемелерди 15-сентябрга чейин көмүр менен камсыздоо пландалган.

Өткөн жылы «Турук» көмүр кени толук иштебей, облуста көмүрдүн тартыштыгы жаралган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 927
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×