Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

«Мекендештер»: Кара-кулжалык спортчу Россияда ачкан залда чемпион аталган кыргыз жигиттер машыгат (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун кулуну Дастан Эргешов Россия Федерациясында 80ге чукул мекендешинин спорт менен машыгуусуна шарт түздү. 31 жаштагы спорттун чебери өзү дагы 15 жыл бою спорт тармагында машыккан. Мекендешибиздин ийгиликтери менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Алгач Кыргызстанда спорттун самбо түрү менен машыгып баштагам. 2008-жылы Санкт-Петербург шаарына келип, жумуш менен бирге машыгууну улантып жүрдүм. Бул жакта кыргызстандык мушкерлер жакшы ийгиликтерге жетишет. Кыргыз спортчуларына бул жерде жардам көрсөтүүнү кыялданып, 2015-жылы спорт зал ачкам. Учурда ал залда 80ге чукул кыргыз жигиттер машыгууларды улантууда», - деди ал.

Ишкер келечекте кыргыз мушкерлерин дүйнөлүк чемпионаттарга чыгарууну кыялданат.

«Учурда машыгып жаткан спортчулар Россияда жеңиштерге жете баштады. Көбү спорттун чеберлери болду. Кыргыз жигиттерин келечекте дүйнөлүк чемпионаттарга алып чыгууну көздөп жатабыз. Санкт-Петербург шаарына келип иштеген бардык мекендешибизди спорт залга келип машыгып, өлкөнүн атын чыгарууга чакырам», - деп кошумчалады.

Санкт-Петербург шаарында машыккан кыргыз мушкерлери Кыргызстандан да жеңишке ээ болууда.

«Биздин залда машыккан спортчу Эрлан Аттокуров 2014-2015-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ошондой эле, Казакстанда өткөн чемпионатта ийгилик жаратып келди. Алманбет уулу Миртемираалы Санкт-Петербург шаарында самбо боюнча чемпион болсо, Адил уулу Бекмамат Санкт-Петербург жана Россияда самбо боюнча чемпион аталды. Көптөгөн ийгиликтерге жетишкен спортчуларыбыз арбын», - деди ишкер.

Жакшы ийгиликке жетишкен спортчуларга залда машыгуу үчүн жеңилдиктер да каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3523
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×