При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Талаадагы ооруканага 5 млн сомдук жабдыктар алынып келди (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасы 5 млн 800 миң сомдук медициналык жабдыктар менен камсыздалганын оорукананын башкы дарыгери Догдурбек Бектуров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Чөп тамырлары — адамзаттын коопсуздугу» долбоорунун негизинде лаборатория, төрөт бөлүмү, хирургия бөлүмдөрүнө кымбат баадагы медициналык 8 жабдыктар алынып келди.

«Биздин ооруканада медициналык жабдыктардын жетишсиздигинен кыйналып келгенбиз. Мурунку башкы дарыгер долбоор даярдап, анын артынан жүрүп, эми жабдыктарга ээ болуп жатабыз. Жабдыктарды Япониянын элчилиги тапшырды. Азыркы учурда бардык жабдыктар орнотулуп, иштеп жатат», - деди Д.Бектуров.

Төрөт бөлүмүнүн башкы эмчи айымы Бактыгүл Жунусалиева ара төрөлгөн ымыркайларды торолтуучу жабдыктын келгенине кубанычта.

«Бул жабдыкка айына жетпей төрөлгөн наристелер жаткырылат. Ал наристелерге энесинин курсагында жаткандай жылуулукту берип турат. Буга чейин ара төрөлгөн ымыркайларды Нарынга жөнөтүп келгенбиз. Азыр деле ара төрөлгөн ымыркайларды Нарынга жиберүүгө мажбурбуз. Анткени бизде дарыгерлер жетишсиз жана Нарын шаарындагыдай толук кандуу шарттар жок», - деди Б.Жунусалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 605
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу