Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Нарындыктар Интернат аймагындагы жолдун жээгине контейнер койгондорго нааразы (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Интернат аймагынын тургундары жолдун жээгине контейнерлерди коюп, таш-топурак төккөндөргө нааразы болушууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Бул аймакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол жок. Жолдун жээгинде басууга аргасыз болуудабыз. Эми ошол жолдун жээгине контейнерлерди коюп, таш-топурактарды төгүп жатышат. Окуу башталса балдарыбызды мектепке жөнөтүүдөн коркуп турабыз. Алар жолдун ортосу менен кантип басышат? Ары-бери өткөн унаалар көп», - деп билдиришти тургундар.

Буга чейин Нарын шаардык мэриясынан Эмилбек Чымылдаков Нарын шаарындагы иретсиз коюлган контейнерлерди алууда көйгөйлөр болуп жаткандыгын маалымдаган.

 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1837
Учурда окулуп жатат
    Көп окулду
    ×