Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Жумгалдыктар иш күндөрү эскертүүсүз жарыкты өчүргөн электр тармактар ишканасына нааразы

Turmush -  Жумгалдыктар иш күндөрү эртеден кечке эскертүүсүз электр жарыгын өчүргөн райондук электр тармактар ишканасынын жана «Чыгыш электр» ЖАКтын ишине нааразы болушууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүн, 9-августта таңкы саат 06:00дө өчкөн электр жарыгы кечки саат 19:00гө чейин жок боло турганын көпчүлүк тургундар менен мамлекеттик кызматкерлери билишкен эмес. Соода жана тамактануу жайларындагы, мекемелердеги иштер электр жарыгысыз токтоп калды. Ошондой эле, банк кызматтары токтотулган.

Айыл активисти Жаркынай Сураганова иш күндөрү өчүрүлгөн электр жарыгы үчүн электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине, жетекчилерине нааразы болду.

«Дайыма иш күндөрү Жумгалда электр жок. Көп мекемеде иш токтоп калат, кызматкерлерге эч кандай эскертүүлөр берилген эмес. Эми 3 күн бою өчөт экен. Эс алуу күндөрү электр тармагында иштегендер эмне эс алышабы? Дайыма эле шаршемби, бейшемби же жума күндөрү өчүп калат. Эмне десең эле оңдоп жатабыз дешет», - деди Ж.Сураганова.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасы Кочкор, Жумгал району боюнча пландык өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтып, 3 күн бою электр жарыгы жок боло турганын билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1738
Көп окулду
×