Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Эл аралык сынакка Кыргызстандан жөнөтүлгөн Сусанна финалда Армениянын атынан чыкты

Turmush -  «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагынын жыйынтыгы менен Сусанна Егорян эл аралык World Next Top Model 2017 сынагына жөнөтүлүп, бирок финалда Армениянын атынан чыкканы маалым болду. Буга чейин 18 жаштагы сулуу 14-июлдан 6-августка чейин Ливанда өткөн сынакта вице-мисс наамын жеңип алганы жарыяланган эле.

Сусанна

Сынактагы расмий сүрөттөрдөн Сусанна алгач Кыргызстандын атынан чыгып, бирок финалда Армения өлкөсүн көрсөткөн тасма тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, вице-мисс наамын алганда Армениянын жараны катары чыккан.

Сусанна Егорян «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагында «Подиум сулуусу» наамын жеңген эле.

Кийинчерээк аны эл аралык сынакка жөнөткөн «Кыргызстан сулуусу» сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Бул маалыматты бүгүн угуп, көпчүлүк сыяктуу мен да таң калдым. Мен Сусаннаны Кыргызстандын атынан жөнөткөм. Ал мени жана Кыргызстанды сатып кете турганын билген жокмун», - деди Таттыбүбү.

Анын айтымында, Сусанна Кыргызстандын жараны болгондуктан World Next Top Model сынагынын уюштуруучулары финалда Армениянын атынан чыгарууга укугу жок болчу.

«Менимче, сынактын уюштуруучулары ката кетирип же Сусанна өзү ушундай чечим кабыл алган. Бирок, Армениянын атынан чыгуу тууралуу өзү чечим кабыл алса дагы уюштуруучулар буга жол бербеши керек эле», - деди Таттыбүбү.

Сусанна Кыргызстанга кайтып келгенден кийин териштирүү иштери жүрө турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
fantomas
17:37, 09 августа 2017
шкура продажная...Плюнула в колодец из которого пила...
Нет аватара
mirza1973
15:33, 09 августа 2017
Надо отозвать все титулы и гражданство
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
Agi27122012
14:24, 09 августа 2017
Чала болуптур, биздин сулуулар калбай калгансып
Нет аватара
Janylbai
14:16, 09 августа 2017
каны болок деген ушул туугандар
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×