Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Нарындык мугалимдер жайлоо бала бакчасындагы бөбөктөргө сабак өтүштү (фото)

Turmush -  Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдери жайлоо бала бакчаларына барышып, мастер-класс өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мугалим Назгүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, Ат-башы районунун Ак-Муз айылында жайгашкан Саяк Исраилов атындагы жайлоо бала бакчасында жана башка бала бакчаларында мугалимдер мастер-класстарды көрсөтүшкөн.

«Ушул жылдын 27-июлунда С.Нааматов атындагы НМУнун мугалимдери атайын балдар үчүн мастер-класстарды өтүп келишти. Биздин мугалимдерди тарбиячылар жана балдар абдан чоң кубаныч менен тосуп алышты. Балдарга биз жайлоо гүлдөрүнөн гербарий жасаганды жана англис тилинде бири-бирине сылык мамиле кылууну үйрөттүк», - деди Н.Ибраева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×