Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Көк-Ой айыл өкмөтү менчикке чыгып кеткен механикалык паркты кайтара албай жатат (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон 6 миң 114 сотых жерди ээлеген механикалык парк мурунку айыл өкмөт башчы С.С. тарабынан анын жубайы Ж.Б.га менчикке берилген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Элмира Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы ошол кездеги айыл өкмөт башчы С.С. 21-сентябрда айылдык кеңештин депутаттарынын жыйынында кворум болбогонуна карабастан, 5 депутат менен механикалык паркты менчикке өткөрүшкөн. Кийин 2008-жылдын 22-октябрында жогорудагы токтомдун негизинде айыл өкмөт №Б-90 чечимин чыгарып берген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин механикалык парк боюнча суроо-талаптар болгон эмес. Качан гана айыл тургундары бала бакча боюнча кайрылышканда ушул маселе козголгон. Укук коргоо органдары ишти карап, аны кайра айыл өкмөттүн карамагына кайтарууну көздөшкөн. Райондук сот, облустук сот мурдагы айыл өкмөт башчысынын менчигине чыгарылган токтомдор мыйзамдуу эместигин аныктап, паркты айыл өкмөттүн карамагына чечип беришкен. Бирок, Ж.Б. Жогорку сотко кайрылды.

Убагында айылга таза суу чыгаруу боюнча долбоордун өздүк салымына керектүү 120 миң сом каражатты 2006-жылы айыл өкмөттүн жубайы Ж.Б. «Көлмө Алтын Булагы» СООППВ тарабынан төлөп бергени үчүн кийин механикалык паркты менчикке чыгарып алган. 2017-жылы 21-февралда Жумгал райондук соту бул ишти карап, алуу-сатуу келишимин жокко чыгарган. Ошондой эле, Нарын облустук соту тарабынан 3-майда райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. 

Айылда бала бакчанын жоктугунан айыл өкмөттүн имаратынын айланасы курчалып, алдына балдар ойной турган аянт түзүлгөн.

Ал эми, Ж.Б. айылга таза суу үчүн 120 миң сом өздүк салымды өзү төлөгөнүн, кийин айыл өкмөт ал акчаны чогултуп бере албагандыктан механикалык паркты менчикке чыгарып алганын ырастап, бардыгы мыйзамдуу экендигин айтып келет.

«Менде келишимим, токтом, чечимдер бар. 2010-жылы жамааттык чогулуш болгон, ошондо эле укук коргоо органдары тарабынан текшерилген. Ал кездеги 120 миң сомду өз жанымдан бергем. Айылга таза суу берилген, учурда эл ичип жатат. Райондук, облустук соттун чечиминен кийин мен Жогорку сотко кайрылгам. Учурда иш каралып жатат», - деди Ж.Б.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×