При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кочкордун Кара-Суу айылындагы тургундар жамаат менен жер-жемиштерди өстүрүп жатышат (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы «Талаа гүлдөрү» жамааты жашылча өстүрүү менен алектенет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган жамааттын жетекчиси Махабат Абдилова кабарлады.

Анын айтымында, аталган жамаат алгач 13 аялдан куралып, «Акөк» уюму жана БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн ыкмасын окуп үйрөнүшкөн. Азыркы күндө жамааттын мүчөлөрүнүн саны 105ке жетип, жашылча өстүрүүнүн ыкмаларын айыл элине жайылтууда. Учурда Кара-Суу айылынын 30% калкы короолоруна чакан күнөскана жасап, бадыраң, помидор, капустанын түрлөрүн, шпинат, пияз өстүрүп жатышат.

«Айылдын эли жашылча-жемиштерди базардан сатып албай үй шартында өстүрүп, витаминдүү азык-түлүктөрдү колдонууга үйрөнүп калышты. "Талаа гүлдөрү" жамаатынын мүчөлөрү айылда жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу маселесин да көтөрүп жатышат», - деди М.Абдилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 412
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу