Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Нарында «Жеткиликтүү турак жай» программасы менен көп кабаттуу 2 үй курулат

Turmush -  Нарын шаарында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын алкагында көп кабаттуу 2 үй курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын мэриясынын маалымат катчысы Элиза Какымбаева билдирди.

Маалым болгондой, үйлөрдү куруу үчүн Москва аймагынын Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайынан жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнгөн. Бирок, ал жерге жашоочулар ар кандай курулуштарды куруп алышкан. Шаардын биринчи вице-мэри Н.Молдокадыров тиешелүү кызматтар менен бирге тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1294
Көп окулду
×