Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Жумгалдыктар аялдаманын ордуна соода жай курган айыл өкмөттүн жер адисине нааразы (фото)

Turmush -  Жумгалдыктар Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайындагы арыктын үстүнө аялдама куруунун ордуна соода жайын түптөп жаткан айыл өкмөттүн жер адисинин ишине нааразы болууда. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аталган жайга айыл өкмөттүн жер адиси аялдама курам деп уруксат алып, бирок соода жайын куруп жатат. Ал курулуштун жанында «Байчечекей» бала бакчасы бар жана анын артында айдоо аянты жайгашкан. Ал эми, алдында айыл өкмөттүн имараты турат.

«Бул жерге аялдама керек эле. Аялдама курам деп уруксат алып, бирок соода жайын куруп жатканы туура эмес. Бул боюнча айылдык кеңеш канчалык деңгээлде иш алып барды билбейбиз. Бирок, бала бакчанын жанын базар кылып алуу калыстыкка жатпайт. Бул жер кызыл сызыкта жайгашкан», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ал эми, айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев бул жер айылдык кеңеш тарабынан чечилгенин жана жер комиссиясы тарабынан уруксат берилгенин, ошондой эле ал жер аялдама боло турганын тастыктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2717
Көп окулду
×