Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык Шайырбүбү апа 40 небересине шырдак жасап жатат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Чий айылынын 75 жаштагы тургуну Түлөбердиева Шайырбүбү40 небересине шырдак жасоо менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы чебер ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 6 жашында сайма сайганды үйрөнүп, 17 жашынан тарта кол өнөрчүлүк менен алектенет. Азыр 3 боз үйдүн жасалгаларын жасап жатат.

«Бала кезибизде энелерибиз көп жумушту үйрөткөн. Ал кезде кыз киши сөзсүз түрдө кол өнөрчүлүк менен алектенип, сайма сайганды, шырдак шырып, кийиз жасаганды үйрөнүшкөн. Бүбүш энем дагы 12 жашымда сайманын түрүн, өнөрлөрүн мага четинен үйрөтүп чыккан. 16 жашымда турмушка чыктым. Ошол кезден баштап боз үйдүн ички жана тышкы жасалгасын жасап келем. Учурда үчүнчү боз үйдүн жасалгасын бүтүрүп, ошону менен алек болуп жатам», - деди ал.

Шайыр апа жолдошу Түлөбердиев Эсенкожо ата менен 38 жыл сакмалда мал баккан.

«Жолдошум Эсенкожого 16 жашымда турмушка чыктым. Жалпы 38 жыл мал бактык. Жайлоого чыкканда да ал жактан шырдактын, көлдөлөңдүн түрүн жасап жүрчүмүн», - деди ал.

Эсенкожо ата менен Шайыр апа 10 баланы тарбиялап өстүрүп, 40 небере, 29 чөбөрөлүү болушту. Чебер ара балдарынын бардыгына экиден шырдак берип, эми неберелерине шырдак жасап жатканын кошумчалады.

«Абышкам экөөбүз 7 кыз, 3 уулду тарбиялап өстүрдүк. 7 кызымдын себин өз колум менен жасап бүтүрүп бердим. 10 балама экиден жана неберелериме бирден шырдак белек кылдым.
Кудайга шүгүр, бардык балдарым аман-эсен, ынтымактуу. Биз алардын сый-урматында жашап жатабыз. Балдар-кыздарым мугалим, кол өнөрчү, малчы, ишкерлик кылгандары да бар. 40 неберелүү жана 29 чөбөрөлүү болуп, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатабыз», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×