Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Баетовдук Н.Жумакадырованын шырдактары 15 миң сомго чейин бааланат (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Нурбүбү Жумакадырова көп жылдан бери шырдак жасап, аны сатуу менен киреше таап келет. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Кол өнөрчүлүктү туу туткан Нурбүбү айым буйрутмаларды кабыл алып, бир шырдакты 15 миң сомго сатат. Шырдактан тышкары козулардын терисинен көлдөлөңдөрдү, олпокторду жасайт.

«Көп жылдан бери шырдак жасайм. Мурун 5-6 миң сомго чейин сатып жүрсөм, учурда 15 миң сомго сатабыз. Көбүнчө буйрутма түшкөндө гана жасайм. Бир шырдакка 5-6 койдун жүнү кетет. Жээк жиптерин дагы өзүм жасап, боеп чыгам. Минтип кыймылдабаса бизге каражатты ким алып келип бермек эле? Буйрутма берген адамдын көңүлүнө жаккыдай кылып жасаганга аракет кылабыз. Ал эми, көлдөлөңдү сатыкка деп жасабайм, үйгө өзүбүзгө гана жасайм. Буйрутма түшүп калса жасап беришим мүмкүн», - деди кол өнөрчү.

Нүрбүбү эже кол өнөрчүлүк менен гана алектенбестен гүлдүн түрүн да өстүрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×