Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык А.Кудашовдун чоң атасы Германиядан алып келген чакага 71 жыл болду (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Алымкул Кудашов Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң атасы Кудаш Балтаевдин Берлинден ала келген чакасын тумар катары азыркыга чейин сактап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, чоң атасы Кудаш Балтаев 1942-жылы согушка аттанып кетет. Ага чейин анын баласы Алмамбет Кудашов атасынан биринчи согушка кеткен. Согуш учурунда бир шаардан ата менен бала жолугуп калышат. Бирок, К.Балтаев ошондон кийин ал баласын көргөн эмес. Алмамбет Кудашов дайынсыз жоголгон. Кандуу согуш аяктап, Берлинге чейин кирип барган аскерлер, өз мекенине 1946-жылы гана кайтып келишкен.

Чаканы Берлинден Кудаш Балтаев Баетовго кантип алып келгендигин анын 74 жаштагы келини Мария Медербекова айтып берди.

«Кайнатам (К.Балтаев) аскерлер менен Берлинден келе жатышканда жанындагы дагы бир чүйлүк жигит чака көтөрүп алган экен. Ага жолдон суу кайнатып ичип, тамак бышырып жешчү экен. Анан Чүйгө келгенде ал чаканы кайнатам сурап алып, үйгө алып келиптир. Ошол мезгилден тарта бул чаканы биз атабыздан калган белек катары сактап келебиз. Такыр пайдаланбайбыз. Болгону айран уютабыз», - деди Мария апа.

Ал эми, небереси Баткен согушунун катышуучусу Алымкул Кудашов чака туурасында буларды айтып берди.

«Чака өтө оор. Жок дегенде 5-6 кг салмакта болот. Атайын калыпка куюлуп жасалган чака экени көрүнүп турат. Чоң атам Берлинден 1946-жылы кайтып келген. Ошондон бери бул чакага 71 жыл болду. Бирок, чака андан мурунку жылдары эле чыгышы мүмкүн да. Кийин чоң атам бодо мал багып жүрдү. Бир жолу өтө бийик Даван ашуусунан жүгү кулап кетип, ошол бийик ашуудан чака кулап, бир аз ийрейип калган экен. Түздөй албай коюшуптур. Аябай катуу металдан жасалыптыр» - деди А.Кудашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1414
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×