При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ак-талаалык жыгач уста Искендерсулкарнайын өзгөчө ыкма менен түрдүү буюмдарды жасайт (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Искендерсулкарнайын Атабеков 10 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Устанын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышып келди.

И.Атабеков 2006-жылга чейин мектептеги окуучуларга эмгек жана сүрөт сабактарын окуткан. Айлык маянанын аздыгынан улам устачылыкка өтүп, ушул жылы АРИС уюмунун колдоосу менен «Келечек» жыгач цехин ачууга жетишти. Учурда жыгач цехте түрдүү буюмдарды жасап жатышат.

«Мугалимдик кесип эркек адам үчүн болбойт экен. Ошол себептен устачылыкка өтүп кеттим. Мен табиятымдан сүрөтчүмүн. Ал эми чоң атам, өз атам уста болушкан. Учурда жардамчым экөөбүз буйрутмалар менен бешик, стол, каалга-терезе жана башка буюмдарды жасайбыз. Бизге райондун бардык айылдарынан келип буйрутма беришет. Биз буюмдарды мурункудай мык менен кагып бириктирбестен, жыгачтын өзүнөн жасалган мыктар менен бекитебиз», - деди И.Атабеков.

Андан сырткары, жыгач уста жаңыдан мансарда үй куруп баштады. Ошондой эле, таланттуу уста короосунда каз, тоокторду кармайт.

Уста мырзага өзгөчө ысымды атасы ыйгарган. Өзүнүн айтымында, Искендерсулкарнайын деген ысымды атасы айтылуу Александр Македонскийдин ысымы менен байланыштырууну каалаган.

Жубайы Бурулсун Молдожусупова учурда кесиптик лицейде директордун орун басары болуп эмгектенет. Ал экөө 4 кыз, 1 уулду татыктуу тарбиялап өстүрүштү. Балдарынын улуулары жогорку билимге ээ болушса, кичүүсү учурда мектеп окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1836
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу