Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Видео, фото - М.Долгопалов 8 жылдан бери Жумгалда кулчулукта жүргөнүн айтууда

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылына мындан 8 жыл мурда убактылуу иштөө үчүн келген Михаил Долгопаловдун кулчулукта жүргөнү тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул маалыматты Жумгал РИИБдин кызматкерлери Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Учурда анын абалы жакшы. Жергиликтүү үй-бүлөдө кулчулукта жүргөнү тууралуу арыз менен 3-августта РИИБге кайрылган. Бул факты боюнча териштирүү иштери аяктаганга чейин (20 күндөй) Көк-Ой айылынын тургуну Санжырбек Шаршенбековдун үйүндө жашап турмай болду.

1

М.Долгопалов өзүнүн айтымында, 1952-жылы төрөлгөн. Чүйдөгү Сокулук районунда жашап жүрүп, 2009-жылы Көк-Ой айылындагы Расул Рыспаев атындагы көчөдө жашаган Т.О.нун үйүнө анын кызы Аида аркылуу келген.

«Сиздерге рахмат, мен жөнүндө жазып чыкканыңарга абдан ыраазымын. Мен бул жерде калбайм, документтерим табылса өз жериме кетет элем. Мен С.Шаршенбековдун үйүндө болгонум жакшы, тигил жакка (Т.О.нун үйү) барбайм. Мен бул айылга Т.О.нун кызы Аиданын тапшырмасы менен келгем. Ал Жумгалды, ата-энесин мактаган эле. Ооба, анын ата-энеси мурда жакшы болчу. Үй ээси Жумабек байке (Т.О. жолдошу) бар кезде анын командасы менен иштечүбүз. Кийин каза болуп калганда мага күч келди, болгон жумуштун барын жалгыз аткарып, ур-токмокко да кабылып жүрдүм. Азыр 65 жашка келип калдым.

Паспортум Россиянын паспорту болчу, кийин Кыргызстандын ID карт паспортун алгам. Эми паспортуңду жоготуп жибердик деп жатышат. Кечээ милицияга болгон чындыкты, алардын (Т.О.нун үй-бүлөсү) мага карата кылган кордуктарын айттым», - деди М.Долгопалов.

М.Долгопалов учурда жашап жаткан үй

5

11

Анын айтымында, аталган үй-бүлөнүн чарба жумуштарын аткарып, жашылча-жемиштерди өстүрүп, курулуш иштерин да жасачу. Кийин туугандарынын жана тааныштарынын жумуштарын да жасата баштаган. Эми документтерин алса Сокулук районуна барып, андан ары Россияга кетүүнү каалап жатканын кошумчалады.

«Мен бир жолу качып кеткем. Бирок, кайра кармап келишти. Мен жашап жүргөн үйдүн улуу баласы Таалайдан коркчумун, ал кол көтөрүп жүрдү. Мени сабап жүргөндө аймактык милицияга даттансам, ал анын досу экен. Таалай "менин колумда бардык бийлик бар, милициялар да мени угат, ак үйдө тааныш депутаттарым бар" деди. Кээде ит ичкен жугунду тамакты ичүүгө туура келди. Тамак сурасам өздөрүнөн арткан тамакты берип жүрүштү. Башка адам мен көргөн тагдырды көрбөсүн», - деп кошумчалады.

М.Долгопалов жайлата иштеген чарбак

2

4

Өзүнүн айтымында, жубайы Кавказдагы Кубань шаарынын кызы болгон. Алар 2 кыздуу болгондон кийин эки жолго түшүшкөн. Кыздарынын бири Кубань шаарында, кийинчерээк Казакстанда жашап жүргөнүн уккан, бирок азыр кайда экенин билбейт. Экинчи кызы Россиянын Москвада шаарында жашайт.

Жакын туугандары, аталаш эжеси Казакстанда жашаса, Сокулук районунда жатындаш бир тууган эжеси бар. Ал атасынан калган турак жайды ээлеп алып, аны эшикке чыгарып койгонун кошумчалады.

Ал эми Т.О.нун уулу Таалай учурда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунда иштеп жаткандыктан байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин жергиликтүү тургун Т.О. менен Turmush басылмасынын кабарчысы жолугуп, ал үй-бүлөсү М.Долгопаловду зордоп кармап жүргөнү тууралуу маалыматты четке каккан.

«Биз аны кармаганыбыз жок. Паспортумду бербей жатышат дептир, бирок бизге келгенде анын документи жок болчу. Аны жакшы эле карап жатабыз. Үй оокаттарын жакшы жасачу, азыр карып калды. Эгер эртең кетем десе, бара турган жерине балдарым жеткирип коет. Кордук көрдүм деп арызданган экен, андай деле кордук көрсөткөн жокпуз», - деген Т.О.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4407
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
JUMGAL.KG
09:08, 07 августа 2017
Цитата: moison 15:35, 06.08.2017
"Ошол таалайга иттин жугундусун бериш керек болчу. Тигил Санжырбектин баласы Узак деген өзү мент ошол да үйүнө алып кетип иштетип жүрчү экен. Эй менттер уят да силер адам коргобой эле эмне кулчулук жумшап калдыңарбы?

МВД эмнени карап отурат

ЭГЕР ОШОЛ МЕНТ УЗАК ИШТЕТИП ПОВРИК КАЗДЫРЫП ЖҮРГӨН БОЛСО АНДА РОВН НАЧАЛЬНИК АНЫ ТОКТООСУЗ КЫЗМАТТАН АЛЫШ КЕРЕК. МИЛИЦИЯ ЭЛДИ КОРГОБОЙ ЭЛЕ КОРДОП БАШТАГАНГО
Нет аватара
moison
15:36, 06 августа 2017
Байзак айылында да орус бар Саня деген анын жашоосу жакшы, жөн эле жакшы карап коюшпаптыр да
Нет аватара
moison
15:35, 06 августа 2017
"Ошол таалайга иттин жугундусун бериш керек болчу. Тигил Санжырбектин баласы Узак деген өзү мент ошол да үйүнө алып кетип иштетип жүрчү экен. Эй менттер уят да силер адам коргобой эле эмне кулчулук жумшап калдыңарбы?

МВД эмнени карап отурат
Нет аватара
moison
15:33, 06 августа 2017
Акмакго сволочь таалай
Көп окулду
×