Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

«Жеңеке»: 30 жаштагы Аксаамай жеңе туугандарына, үй-бүлөсүнө жана бала бакчадагы тарбиялануучуларына кийимдерди тигип берет (фото)

Turmush -  Нарын шаарына мындан 9 жыл мурун келин болуп келген 30 жаштагы Аксаамай Ибрай кызын кол өнөрчү катары жакшы таанышат. «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен жогорку билим алган.

Ал эми, кийим тигүүгө болгон жөндөмдүүлүгү бала кезинен эле байкалып, учурда кыздардын себин даярдап, чоңдордун жана кичинекей балдардын түрдүү киймдерин тигүүдө. Ошондой эле, айылдагы «Ыйман» бала бакчасында 2 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип келет.

«Алгачкы жолу кыздарыма көйнөк тигип, кийин өзүмө, курбуларыма жана туугандарыма кийимдерди тигип баштадым. Азыркы учурда кыздардын себин даярдап, кичинекей балдарга көйнөк тигүү менен алектенип жатам. Буйрутмаларды бардык курактагы кардарлардан алам. Каалоочулар үчүн тиккен кийимдерге өзүм сайма сайып да берем. Ошондой эле, улуттук кийимдерди, азем белектерди жасап, курак курап, түймө түйүп, жаздыкча, жер төшөктөрдү жазайм.

Ар бир кыргыз айымы ийне саптап, андан ары жөндөгөндү билиши керек. Мен дагы таенем жасаган иштерди чогуу кармалашып жүрүп, бул өнөрдү аркалап калдым. Өзүм иштеген бала бакчадагы тарбиялануучуларга дагы майрам күндөрү формаларды тигип келем. Алдыда кыздарга сеп камдаган цех ачайын деген оюм бар», - деди ал.

Учурда Аксаамай жеңе менен жолдошу А.Самудинов 3 кыздын мээримдүү ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 981
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×