Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык Г.Кочкорбаева апасы экөө шырдак жасап киреше табышат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун 40 жаштагы тургуну Гүлзат Кочкорбаева 7 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, акыркы 2 жылдан бери апасы экөө чогуу иштешип, киреше таба башташты.

«Бул өнөрдү апамдан үйрөнүп, алгач кошуналардын, тааныштарымдын шырдактарын жасап жүрдүм. Бут сүргүч, шырдактарды жасап, сата баштаганыма 2 жылдын жүзү болуп, апам экөөбүз бирге иштешип келебиз. Шырдактар Бишкек шаарындагы «Кыял» соода борборунда жана өзүбүздүн базарда сатылат. Жасагандарымдын баасы 1800 сомдон жогору болот.

Мындан сырткары, курак курап, жаздыкча, отургучтарды, жер төшөк жасайм. Ат-Башы районунда жыл сайын уюштурулуп жаткан «Шырдак» фестивалына катышып, 2015-жылы ыраазычылык кат алып, быйылкы жылы 2-орунду ээлеп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Алдыда жасаган эмгектеримди чет мамлекеттерге өткөрүп, шырдактын баалуулуктарын тааныткым келет», - деди ал.

Г.Кочкорбаева жолдошу Б.Белеков экөө 1996-жылы баш кошуп, 3 кыз, 2 уулду чоңойтуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1239
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×