Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Фото - Кочкордун Теңдик айылында 90го жакын үйдү суу каптады

Turmush -  Нарындагы Кочкор районунун Кочкор айыл аймагындагы Теңдик айылында 90го жакын турак үйдү суу каптады.

ӨКМ билдиргендей, кечээ, 3-августта жер алдынан чыккан суулар көтөрүлүп, Арабаев, Чоң-Булак, С.Алиев, Ала-Тоо, Жусупбеков, Көмүрчиев, С.Орозбак жана Б.Дайырбеков көчөлөрүндөгү үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөлөргө кирген. Жарандык коргонуу комиссиясы менен ӨКМдин Кочкор райондук бөлүмүнүн адистери жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда суунун кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×