Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Нарында салыкчылар спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашат

Turmush -  Нарын шаарында 4-августтан 6-августка чейин салык кызматкерлеринин республикалык спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук салык кызматынын башчысынын орун басары Абазбек Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, аталган спартакиаданын максаты салыкчылардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын ден соолугун чыңдоо болуп саналат. Ага Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлеринин курама командалары катышат. Спартакиаданын жүрүшүндө курама командалар спорттун волейбол, кичи футбол, шахмат, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, бильярд, аркан тартыш түрлөрү боюнча өз ара күч сынашат.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1385
Көп окулду
×