Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Кызыл-Белес айылына 2,5 млн сомдук айыл чарба техникалары алынды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын эли 2 млн 569 миң сомдук айыл чарба техникасына жана шаймандарга ээ болушканын райадминистрациянын адиси Жаныбек Асылбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, айыл өкмөттүн сунуштаган долбоору жактырылып, анын негизинде Жергиликтүү бюджетке каржылык колдоону өнүктүрүү саясат аркылуу эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) Жарандык коом менен бирге өнүгүү долбоорун колдоо фонду тарабынан «Беларусь-892.2» үлгүсүндөгү трактор, соко, тырмооч жана чөп таңгактоочу техника берилди. Бул каражаттын ичинен 800 миң сомго айыл эли өздүк салым катары чөп таңгактоочу унааны сатып алышты.

Аталган техникаларды тапшыруу аземине райондук бийликтин, аталган долбоордун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Бул техникалар айыл элинин аярлуу катмарынын тоют камдоо, айдап-себүү иштерине колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×