При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Сай өрөөнүндөгү тургундардын ден соолугун швейцариялык дарыгерлер текшерип жатышат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө Кыргызстандын жана Швейцариянын дарыгерлери элдин ден соолугун текшерип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дарыгер Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, Миррахимов атындагы улуттук кардиология-терапия борборунун өпкө оорулар бөлүмүнүн жана Швейцариянын Өпкө оорулар улуттук госпиталынын дарыгерлеринен турган топ заманбап үлгүдөгү аппараттары менен айыл тургундарынын жүрөк, өпкө, башындагы жана башка ооруларды аныкташып, кеп-кеңештерин жана тийиштүү дары-дармектерди беришти.

«Бул жердегилердин көпчүлүгү жүрөк жана өпкө оорулары менен жабыркашат. Майлуу тамактар менен тамактануу, тамеки чегүү оорунун пайда болушуна себеп болууда», - деди дарыгерлер.

Ак-Сайдагы ФАПта 1 фельдшер жана медайым иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:44,   18.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу