При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Нарын районунда кышка даярдык иштери башталды

Turmush -  Нарын районунда кышка даярдык иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Нарын» жылуулук ишканасынын директору Улан Айтиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде бардыгы 24 откана бар. Мунун ичинен 20 откана электр энергиясы, 4 откана көмүр менен иштейт. Көп кабаттуу 88 үй, жеке менчик 21 үй, 22 мекеме-ишкана, 2000 абонент жылуулук менен камсыз болот. Бул үчүн 3000 тонна көмүр керектелет. Учурда 4 участокто оңдоо иштери жүрүп жатат. Кээ бир жерлерде жылуулук түтүкчөсү жаңыртылса, кээ биринде жаңы от казандар коюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 497
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу